24.04.2019 15:31

КСДП: Уран кенин иштетүү маселеси Алмазбек Атамбаевдин тушунда каралган эмес

КСДП: Уран кенин иштетүү маселеси Алмазбек Атамбаевдин тушунда каралган эмес

Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү маселеси Алмазбек Атамбаевдин деңгээлинде каралган эмес. Бул туурасында КСДП маалымат кызматынан билдиришти.

«Алмазбек Атамбаев  Премьер-министр, Президент болуп турган кезде да мындай маселе каралган эмес. Эгерде каралса, анда 2012-жылы ал Өкмөткө Борбор Азиядагы радиациялык коопсуздук боюнча БУУнун кийинки 2013-жылы кабыл алынган атайын резолюциясын демилгелеп чыгууга тапшырма бермек эмес. Ал эми 2017-жылы А.Ш. Атамбаев көмүлгөн уран калдыктары жана радиациялык булгануу боюнча тобокелчиликтерди ылдыйлатуу көйгөйлөрү туурасында БУУнун Башкы ассамблеясында өзү чыгып сүйлөгөн жана жаңы демилгелерди сунуштаган.   

Ушундан улам А.Ш. Атамбаев өлкө Президенти болуп турган мезгилде чиновниктер Кызыл-Омполдогу уран кенин өнөржайлык казып алууга уруксат бергенге даашпай, геологиялык чалгындоо иштерине гана уруксат берүү менен чектелишсе керек.

Кыргызстандын тоо-кен казуу тармагында А.Ш. Атамбаев артыкчылыктуу деп эсептеген кыйла келечектүү жана коопсуз долбоорлор бар. Дал ушул себептен А.Ш. Атамбаев 2019-жылдын 27-мартында «24.kg» маалымат агенттигине жарыяланган макаладан уран иштетүүчүлөрдүн «бийлик тарабынан, тактап айтканда, Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттары тарабынан толук колдоого алынып, жардам көрсөтүүлөрүн» окуп, таң калган.      

Ошондуктан А.Ш. Атамбаев КСДПнын 2019-жылдын 23-апрелиндеги билдирүүсүнүн демилгечиси болгон жана анда партиянын Кыргызстандын аймагында уран казып алууга жол берилбестиги жана ошондой эле Кыргызстандын учурдагы бийлигинин уран иштетүүнү колдоп жатканына карата тынчсыздануусу айтылган позициясы чагылдырылган», -деп айтылат билдирүүдө.